III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келген конокторду көчмө борбор каттоого алат

Автор -

III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү мезгилинде 2018-жылдын 1-сентярынан тартып 9-сентябрына чейин Ысык-Көл областында, Кырчын жайлоосунда жана Чолпон-Ата ш. ипподромунда эки Калкты мобилдүү тейлөө борбору (КТБ) чет өлкөлүк жарандарды каттоо боюнча көчмө кабыл алууну жүзөгө ашырмакчы.

Аталган иш-чара III БКОнун чет өлкөлүк коноктору үчүн мамлекеттик каттоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгү жана ыңгайлуулуктарды камсыздоо максаттарында демилгеленген.

Каттоодон өтүү үчүн чет өлкөлүк жарандар төмөнкүлөрдү берүүгө тийиш:

  • белгиленген формадагы кат (өтүнүч кат);
  • чет өлкөлүк жарандын инсандыгын тастыктоочу паспорт же аны алмаштыруучу документ;
  • мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө дүмүрчөк.

Кененирээк маалыматты МККнын 119 колл-борборунан  алууга болот (чалуу акысыз).

КРнын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк жарандар өлкөгө келгенден кийин 5 күндөн кийин каттоодон өтүүгө тийиш.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү