Жаңы окуу жылында китептер ижарага берилет

Автор -
474

Билим берүү жана илим министрлиги 2018-2019-окуу жылында мектеп окуучуларынан китептер үчүн ижара акысын алууну акырындык менен баштады. Бул тууралуу  аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ижара акысы 5-6-класстар үчүн жаңы китептерге гана 25сомдон алынат.  Ал эми 7-9-класстар үчүн жаңы окуу китептерин басып чыгарууну пландалууда.

Белгилей кетсек,  жыл сайын окуу китептерин чыгаруу үчүн министрликке 600 миллион сомго жакын каражат керектелет.