ӨКМ күз-кыш мезгилиндеги  өрт коопсуздугун сактоону эскертет

Автор -
635

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 22 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 23 бөлүм тартылган.

«Күз-кыш мезгилиндеги  өрткө кооптуу мезгилде өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарыл»,-деп эскертет ӨКМдин маалымат кызматы.

Өрт коопсуздугунун сактоо эрежелери:

—         ачык аянтта кургак чөптү, таштандыларды  өрттөбөгүлө;

—         бузук мештерди жана морлорду колдонбоңуздар;

—         от жагуучу мезгилге чейин адамдардын өлүмүн жана жаракат алуусун болтурбоо үчүн мештерди жана морлорду чаңдан жана көөдөн тазалоо керек;

—         бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбоңуздар;

—         колго жасалган жылытуучу электр приборлорун колдонбоңуздар;

—         күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчада сактабагыла;

—         балдарды кароосуз калтырбагыла;

—         күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;

—         электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула.

Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн эрежелерди сактоо менен  Сиз өзүнүздүн турак-жайынызды, мүлкүӊүздү өрттөн  алдын аласыз.