Сапар Исаков камакта калтырылды

Автор -

Жогорку Сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду 5-октябрга чейин камакта калтыруу боюнча Биринчи май райондук сотунун чечиминин күчүндө калтырды.

Белгилей кетсек, Исаковдун жактоочулары анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча райондук соттун чечимин Жогорку сотко даттанган.

Биринчи май райондук соту 31-июлда Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын карап, 5-октябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Эске салсак, 29-май күнү Исаковго «коррупция» беренеси менен айып тагылган. 5-июнда Сапар Исаков УКМКга бешинчи ирет суракка чакырылып, ошол күнү соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынган.