III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында конокторду ар кандай күтүлбөгөн кырдаалдардан коргоо үчүн 249 куткаруучу жана 54 атайын техника бөлүндү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, күнү-түнү жардам көрсөтүүгө даяр кызматкерлер «Манас» аэропортунан тарта Кырчын жайлоосуна чейин 15 мобилдик пунктуларда турмакчы.
Мындан сырткары, Көчмөндөр оюндары өтүп жаткан ар бир объектиде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам штабы кызмат кылып, көл жээгинде курткаруучулар жана суучулдар нөөмөттө турат.