ЖКнын депутаты Кожобек Рыспаев КСДП катарынан чыгарылды

Автор -
Сүрөт: knews.kg

КСДП Саясий Кеңешинин 29-августта болуп өткөн отурумунда партиянын Жобосуна, максаттарына жана милдеттерине каршы келген иш-аракеттери үчүн Кожобек Рыспаев КСДПнын катарынан чыгарылды. Бул тууралуу аталган партиянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саясий кеңештин атынан КСДПнын Жогорку Кеңештеги депутат мүчөлөрүнө  Кожобек Рыспаевди парламенттин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы кызматынан чакыртып алуу сунушталды.

“Кожобек Рыспаев КСДПнын уставынын 2.8.-бөлүгүнө ылайык партиянын негизги максаттарына, милдеттерине жана уставына каршы иш кылгандыгы үчүн партиянын катарынан чыгарылат”, – деп айтылат маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү