Кожобек Рыспаев Андрей Малаховго карата чара көрүүгө чакырды

Автор -
Сүрөт: knews.kg

Жогорку Кеңештин 26-сентябрдагы жыйынында депутат Кожобек Рыспаев вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбековага кайрылып, “Россия 1” каналындагы «Прямой эфир» берүүсүнүн алып баруучусу Андрей Малаховдун айткан сөздөрүнө реакция жасоо керектигин талап кылды.

“Андрей Малахов эфирден кыргыздар жөнүндө айтканын өзүңүздөр да көрсөңүздөр керек. Протоколдук тапшырма берип коёлу деп жатам. Себеби, реакция болуш керек. Малахов “кыргыздар 10 долларга эптеп жашайт, 100 миң доллар берсе кандай буйрутма болбосун аткарат” деп ачык эле айтып жатат. Ошондуктан буга Тышкы иштер министрлиги, элчилик реакция кылышы зарыл! Кыргыздарды антип басынтууга же антип айтуусуна жол бербеш керек. Алтынай Сейитбековна, буга карата чара колдонуңуздар”
эл өкүлү.

Белгилей кетсек, буга чейин депутат Элвира Сурабалдиевада болуп өткөн окуяга өз оюн билдирген.

Сурабалдиева: Малахов жөн гана бой көтөрүп тим болбостон, бүтүндөй улутту кемсинтти

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү