Ош: Эгемендүүлүк майрамында коомдук ишмерлердин айкелдерине гүл коюлду

Автор -

Бүгүн, 31-август күнү Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгы мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин айкелдерине гүл коюп, эскерүү менен башталды.

Мэр Таалайбек Сарыбашов  эгемендүүлүк үчүн талыкбаган эмгегин арнаган, мамлекеттин түптөлүшүнө салым кошкон инсандарга таазим кылып туруу жалпы жашап жаткан кыргызстандыктардын милдети деп билдирди.

Ош шаарындагы С.Ибраимов, Орозбаев,А. Масалиев, Алымбек Датка, И.Раззаков ушул сыяктуу улуу инсандардын айкелине гүл чамбарлар коюлду. Ага шаар башчысы, вице-мэрлер, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Бөлүшүү