Бишкек шаарында №5 троллейбустук каттам кайрадан жүрө баштады

Автор -

«4-сентябрдан тарта №5 троллейбустук маршрут кайрадан жүрө баштады. Жалпысынан каттамга 11 троллейбус чыкты, — деп мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек троллейбус башкармалыгынын маалыматына ылайык, Чүй проспектиси жана Чыгыш-5 кичирайонунун аймагындагы оңдоо иштерине байланыштуу маршрут “Жал-Цирк” багыты боюнча каттайт.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында 28-августтан тарта жаңы №6 троллейбустук каттам пайда болгон.  Жаңы троллейбус 8-кичи райондон тарта Батыш автобекетине чейин жүрүп, жалпы 20,7 км жолду басат. Бул каттамда жалпы 11 троллейбус 8-9 мүнөт аралык менен каттайт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү