Бүгүн, 4-сентябрда VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезектеги сессиясынын ачылыш аземи болду.
КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясынын башталышы менен кесиптештерин куттуктады. Ошону менен катар Кыргыз Республикасынын эгемендигинин 27 жылдык маарекеси менен дагы куттуктап, Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ийгиликтүү өтүшүн каалады.
Мындан сырткары, Жогорку Кеңештин Төрагасы Кыргыз Республикасынын эгемендигинин 27 жылдык маарекеси менен дагы куттуктап, Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ийгиликтүү өтүшүн каалады. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдын 44-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин жыйындары боло тургандыгын эске салды.
Белгилей кетсек, КР Конституциясынын 77-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдын 34-беренесине ылайык, парламенттин сессиясы сентябрь айынын биринчи жумушчу күнүнөн башталып, кийинки жылдын июнь айынын акыркы жумушчу күнүнө чейин уланат.