ДКО: Ак илбирстин терисин илгендерге 1,5 млн сом айыппул салынышы мүмкүн

Автор -
350

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында пайда болгон “Кырчын” этношаарчасынын “Чүй ордосунда” тигилген боз үйлөрдүн биринде илинген илбирстин териси боюнча тийиштүү органдар иликтөө иштерин баштады. Бул тууралу бүгүн КР Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Дүйнөдө ак илбирстин саны болжолдуу 3 миңден 7 миңге чейин. Жаныбар Кызыл китепке киргизилген. Анын жашаган жерлери Кыргызстандын бардык региондорун камтыйт. (Тянь-Шань тоолорунда, ошондой эле Памир-Алай тоо кыркаларынын түндүгүндө (Алай, Транс-Алай жана Түркестан тоо кыркаларында).

Өкмөттүн 2017-жылдагы токтому боюнча марал, аркар, аюуну мыйзамсыз аткандарга 1 млн сом, ак илбирсти аткандарга 1,5 млн сом, текени аткандарга 100 миң сом айып салынат.

Былтыр браконьерлерге 472 миң 500 сом айып салынган. Анын  400 миңден ашыгы өндүрүп алынган.