4-сентябрда Ош шаарынын ордосу менен Өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев таанышты. Анда улуттук каада-салт, үрп-адаттарды чагылдырган театрлаштырылган оюн- зоокторду көрүп, Ош шаарынын Көчмөндөр оюндарынын алкагындагы концерттик программаны көрүп кайтты. Ошондой эле, Ош ордосунда тигилген боз үйлөр менен таанышты.