Бишкекте 26 жаштагы Наргиза Ибраева изделүүдө

Автор -

Бишкек шаарынын 26 жаштагы тургуну Наргиза Ибраева дайынсыз болуп изделүүдө.

Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, ал 5-сентябрь күнү Чүй-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишине чыгып, белгисиз тарапка басып кеткен. Ошол учурдан тартып анын кайда жүргөнү белгисиз болууда.

Белгилери: оң көзү көрбөйт, жакшы сүйлөй албайт, экинчи топтогу майып. Бою 140-145 сантиметр, орто бойлуу, чачы кара түстө.

Үйдөн чыгып баратканда карала көйнөк, кара шым, боз түстөгү спорттук бут кийим, кара көз айнек тагынып жүргөн.

Сүрөттөгү кызды көргөн билгендер болсо (0777) 87 44 11, (0553) 10 25 66, (0772) 05 20 00, (0556) 85 58 12, (0702) 22 85 05 телефон номурларына чалып кабарлап койсоңуздар болот.