Кыргызcтанда дайынсыз жоголгон франциялык кыз изделүүдө

Автор -
309

Кыргызcтанга келип, дайынсыз жоголгон франциялык кыз изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ 17-октябрда милициянын нөөмөт бөлүмүнө Франциянын  Пьер аттуу жараны байланышка чыгып, Флорентина аттуу курбусу ушул жылдын 9-октябрынан бери дайынсыз болуп жатканын айткан. Ошол эле күнү Франциянын  К.П. аттуу жараны милицияга кайрылып, анын жубайы Флорентина Кариерди табышууга жардам сураган.

«Дайынсыз болуп жаткан кыз 25 жашта. Бою 160 сантиметр. Ал 9-октябрда саат 20:00 чамасында Ош шаарынан Бишкекке келгенин жакындарына кабарлаган бойдон дайынсыз. Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды»
, деп айтылат маалыматта.

Флорентина Кариердин жүргөн жерин аныктоо үчүн Бишкектин 4 районунун ички иштер бөлүмдөрүнүн жана Чүй ОИИББинин кызматкерлери тартылган. Издөө иштеринин алкагында, изделип жаткан кызды Бишкек-Балыкчы жолунан көргөндөр бар экендиги маалым болгон. Андан кийин аны издөөгө Ысык-Көл ОИИБи да тартылды. Учурда милиция кызматкерлери издөө иштерин улантууда.

Бөлүшүү