Эрдогандын аялы Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Токоева менен түшкөн видеосун жарыялады

Автор -

Режеп Тайип Эрдогандын аялы Эмине Эрдоган Twitter баракчасына Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Токоева менен түшкөн видеосун жарыялады.

«Кыргызстандан эң сонун таасир менен кайтып келдик. Тоодогу көчмөндөрдүн турмушун ар кыл өңүттөн көрүп, тааныштык. Кыргызстан менен биздин өлкөнүн алакасынын өнүгүшүнө себепкер болгон Достук ооруканасына бардык. Андан сырткары, китепкана менен маданий борборду ачтык», — деп жазган Эмине Эрдоган.

Баса, Реджеп Тайип Эрдоган да  Кыргызстанга болгон сапары тууралуу твиттерден билдирүү калтырган. 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү