Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку төрагасына издөө жарыяланды

Автор -

КРнын Өкмөтүнө караштуу финансы полициясы 2018-жылдын 28-августунда Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку төрагасы Жунусов Адамкул Орокеевичке издөө жарыялады.

Ага, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинде (кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыштарды кылды деп айыпталып жаткан, 2013-жылдан 2016-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы кызмат ордун ээлеп туруп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуп, “А.” ЖЧКнын өкүлдөрү жана Мамлекеттик бажы кызматынын башка кызмат адамдары менен туруктуу коррупциялык байланышты уюштурган деген айып коюлган.

«А.Жунусов өзүнүн бийликтик ыйгарым укугун пайдалануу менен  “А.” ЖЧКга идентификациянын туура эмес ыкмасын колдонуп, бажы аймактарын кайра иштеп чыгууга уруксат алууга көмөк көрсөткөн, мунун натыйжасында аталган Коом Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөнө турган төлөмдөр боюнча бажылык өзгөчө жеңилдиктерди алган, бирок бул ЖЧК ташып киргизген товарлар “Импорт 40” режиминде жалпы негиздерде таризделиши керек болчу»,-деп айтылат маалыматта.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку төрагасынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында  мамлекетке 166 миллион сомдон (166 971 821,25 сомдон) көп өлчөмдө  Кыргыз Республикасынын бюджетине түшпөй калган милдеттүү бажы төлөмдөрү түрүндө материалдык зыян келтирилген.

Азыркы убакта А.Жунусов тергөө органдарынан жашынып, тергөө ишин объективдүү жүргүзүүгө тоскоолдук кылып жатат, ошондой эле ал кылган кылмыш өзгөчө оор кылмыштын түрүнө кирет.

2018-жылдын 18-августунда А.Жунусовго Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинде каралган кылмыштарды кылды деп сырттан айып тагылган жана 2018-жылдын 28-августунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан камакка алуу чарасы тандалган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү