«Бишкек шаарындагы «Чыгыш-5» кичирайонунда көп кабаттуу үйдүн 3-кабатынан 53 жаштагы аял боюн таштады»,-деп билдирди Бишкек шаардык ИИББнин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 6-сентябрда 18:30да болгон.
«Аял баш мээси чайкалып, жамбаш сөөгү сынып, оор абалда 4-ооруканага жеткирилди. Ал өзүн-өзү өлтүрүү максатында секирген деген божомолдор бар»,-деп айтылат маалымата.
Белгилей кетсек, жабырлануучу Бишкек шаарындагы психикалык ооруканада каттоодо турганы да аныкталды.