Бишкекте 53 жаштагы аял терезеден боюн таштады

Автор -

«Бишкек шаарындагы «Чыгыш-5» кичирайонунда көп кабаттуу үйдүн 3-кабатынан 53 жаштагы аял боюн таштады»,-деп билдирди Бишкек шаардык ИИББнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 6-сентябрда 18:30да болгон.

«Аял баш мээси чайкалып, жамбаш  сөөгү сынып, оор абалда 4-ооруканага жеткирилди. Ал өзүн-өзү өлтүрүү максатында секирген деген божомолдор бар»,-деп айтылат маалымата.

Белгилей кетсек, жабырлануучу Бишкек шаарындагы психикалык ооруканада каттоодо турганы да аныкталды.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү