Ошко конокко келген келин 8 айлык баласы менен кошо 4-кабаттан кулады

Автор -

Ош шаарындагы кичи райондо көп кабаттуу үйдүн 4-кабатынан жаш келин жети айлык баласы менен кошо секирди. Бул тууралуу Шаардык милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кырсык 6-сентябрда саат 17:00 чамасында болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жерге секирген келин алгач 1-кабаттын чатырына түшүп, андан кийин жерге кулаган. Анын кесепетинен эне-бала оор жаракат алып, ооруканага жеткирилди.

Милиция келин Кара-Балта шаарынан Ошко конокко барганын айтууда. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү