Ошто 4-кабаттан кулаган келиндин баласынын абалы оор

Автор -

Ош шаарында жатакананын төртүнчү кабатынан секирген келиндин баласынын абалы оор. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Белгилей кетсек, келин 6-сентябрь күнү кечки саат 17.00гө жакын Ош шаарындагы Урицкий кѳчѳсүндѳ жайгашкан кѳп кабаттуу жатакананын 4-кабатында ачык турган терезеден боюн таштап жиберген.

Жерге секирген келин алгач 1-кабаттын чатырына түшүп, андан кийин жерге кулаган. Анын кесепетинен эне-бала оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Аялдын жамбаш сөөгү сынып, мээси чайкалган. Ымыркай башынан жаракат алган.

Учурда окуя «ѳзүн-ѳзү ѳлтүрүүгѳ аракет жасоо» беренеси менен катталып, иликтѳѳ иштери жүрүүдө.

Ошондой эле соттук-медициналык жана соттук-биологиялык экспертиза дайындалды.

Бөлүшүү