КРнын самбо боюнча чемпиону Бекзат Жаныбеков Бишкекте бычакталып каза болду.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Б.Жаныбеков Бишкек шаарында жүргөн учурда 1985-жылы туулган жигит менен пикир келишпестик жаралып, ал Бекзатка бычак сайып жиберген.
Спортчу жаракат алган абалда 2018-жылдын 3-сентябрында борбордун Кулиев жана Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинен табылып, алган жаракаттарынан улам ооруканада каза болгон.
Учурда шектүү 33 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну А.Б. кармалып, СИЗО-1ге камакка алынды.
Кылмыш иши козголуп, тергөө иши жүрүүдө.