Обама Дональд Трампты сынга алды

Автор -

АКШнын мурунку президенти Барак Обама Дональд Трампты оор сөздөр менен сынга алды.

Көптөгөн убакыттан бери үнсүз болгон Обама Иллиноис университетинде «Демократиябыздын абалы» программасында сүйлөгөн сөзүндө президент Трамп мезгилинде болуп жаткандардын нормалдуу эмес экендигине көңүлдөрдү бурду.

«Булардын баары Дональд Трамп менен башталган жок. Трамп себеп эмес жыйынтык», — деди Обама .

Обама АКШнын президенти Трамптын саясатчылардын көптөгөн жылдардан бери келген кыжырдануусунан азыктангандыгын айтты. Трамптын одоно мамиле кылгандыгын белгилеген Обама : «Биз америкалыкпыз, биз деспоттукту жактабастан ага каршы турушубуз керек»  — деди.