Ош облусунда кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү

Автор -
438

Кечээ, 9-сентябрда Ош облусунун Кара-Суу шаарында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун катышуусунда Кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча жарыяланган бир айлыктын алкагындагы иш-чара өткөрүлдү.

Бул иш-чаранын максаты табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдардан коргонуунун жүрүм-турум эрежелерин калк арасында кеңири жайылтуу, кырсыктардын тобокелин азайтуу болуп саналат. Ага КР Өкмөтүнүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, КР ӨКМнин Ош облустук башкармалыгынын өздүк курамы, райондук Жарандык коргонуу кызматтары катышышты.

КР Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов чыгып сүйлөп, төмөнкүлөргө токтолду: “Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүн белгилөөнүн негизги максаты табигый кырсыктардын коркунучун төмөндөтүү чөйрөсүндө билим берүү системасын өркүндөтүү жана өзгөчө кырдаалдарда калктын жүрүм турум саясатын түзүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп саналат. Ошондой эле өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймактарды коргоонун актуалдуулугун жогорулатат жана мартабасын ашырат. Анткени күчтөрдү бириктирүү аркылуу гана өзгөчө кырдаалдар коркунучуна даяр болуу мүмкүн ”-деди Н.Мирзахмедов.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кызыл Жарым Ай коому менен биргеликте Кара-Суу шаарынын Ленин атындагы орто мектебинин “Жаш куткаруучулар” тобу сууга чөккөн адамга, жол кырсыгынан жана электр тогунан жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү, жабырлануучуну туура транспортоо боюнча практикалык түрдө инсценировкаларды көрсөтүштү.

Чогулган элге Ош облусунда жайгашкан КР ӨКМнин түзүмдүк бөлүктөрүнүн куткаруу жабдыктары жана техникалары тааныштырылды.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы “5-октябрь жыл сайын белгиленүүчү Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелин азайтуу күнү деп жарыялоо жөнүндө” токтомунун негизинде Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун буйругу менен 2018-жылдын 5-сентябрынан 5-октябрына чейин Кыргызстандын бардык облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча республикалык деңгээлде бир айлык иш-чаралар өткөрүлөт. 2018-жылдын 8-сентябрында Баткен облусунда, ал эми 9-сентябрда Ош облусунун Кара-Суу районунда иш-чаралар өткөрүлдү.

Мындай иш-чаралар:

15-сентябрь — Жалал-Абад облусунда,
16-сентябрь -Талас облусунда,
22-сентябрь — Чүй облусунда,
22-сентябрь — Нарын облусунда,
29-сентябрь — Ысык-Көл облусунда,
30-сентябрь — Ош шаарында,
5-октябрь — Бишкек шаарында өткөрүлмөкчү.
ӨКМ аталган иш-чараларга келип активдүү катышууга чакырат.