Жалал-Абадда «Илбирс» атайын багыттагы бөлүктө капитан прапорщикке бычак сайды

Автор -

Жалал-Абад облусунда Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын «Илбирс» атайын даярдыктагы отрядында капитан прапорщикти бычак менен жарадар кылды. Бул тууралуу  укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, эки тараптын ортосунда пикир келишпестиктер жаралган. Ошол учурда капитан прапорщиктин санына бычак сайган. Жабырлануучу аймактык ооруканага жаткырылды.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду. Капитан үй камагына алынды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү