Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемесинин имараттары «Маариф» фондуна өтүшү мүмкүн

Автор -
221

Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемелеринин имараттарын Түркиянын «Маариф» фондуна өткөрүү пландалып жатат. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат 10-сентябрда Бишкекте түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын сапарынын жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйында билдирди.

Фырат «Сапаттын» билим берүү мекемелери түрк жарандарынын салыгынын эсебинен курулганын, андыктан келечекте ал имараттарды «Маарифке» өткөрүү максат кылынып жатканын айтты.

Элчинин айтымында, түрк бийлиги Кыргызстандан «Сапат» мектептерин жабууну эмес, аларды өткөрүп берүүнү талап кылган. «Маариф» фондунун билим берүү мекемелеринин ачуу боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыгып калды.

Фырат Кыргыз-түрк «Манас» университети кандай ийгиликтүү иштесе, «Маариф» фонду да ошондой иш алып бара турганын билдирди. Анын маалыматына караганда, «Маариф» фонду алгач Бишкекте, андан кийин башка аймактарда ачылат.

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын 1-сентябрда Кыргызстанга расмий сапарынын жүрүшүндө эки мамлекеттин ортосунда 12 документке кол коюлган. Арасында “Маариф” фонду менен кызматташтык тууралуу меморандум бар.

Түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген Кыргызстандагы билим берүү мекемелерин жабууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген, эки өлкөнүн мамилеси ошондон кийин сууй түшкөн.

Ал маселе 1-сентябрда Эрдогандын Кыргызстандагы сапары маалында да көтөрүлүп, президент Сооронбай Жээнбеков “Сапат” мектептери мамлекеттин толук көзөмөлүндө экенин айткан. Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги 4-сентябрда «Маариф» фонду боюнча түшүндүрмө берди. “Маариф” менен министрлик кол койгон меморандумга ылайык, түркиялык фонд өлкөдө билим берүү борборлорун ача турганын кабарлады.

Былтыр Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан “Себат” билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен “Сапат” болуп өзгөргөн.

Бөлүшүү