Депутат: Хиджаб кийген кыздар мектепке киргизилбесе, директорлорго жаназа окулбайбы?

Автор -
1135

Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында депутат Исхак Масалиев мектептердеги дин маселесин көтөрүп чыкты. Депутат мектепке хиджаб кийип келген кыздар окууга киргизилбесе, мектептин жетекчилерине жаназа окулбасын деген билдирүүлөр тарап жатканын билдирди.

«5-6 класстын окуучулары хиждаб кийип мектеп келип жатышат. Бул алардын тандоосу эмес, бул ата-энелеринин тандоосу. Буга кандай иш-чара колдонуш керек.  Хиджабчан келген кыздарды мектепке киргизбеген директорго жаназасы окулбасын деп жатышат. Бул “өлүп кет” дегени да. Буларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек»,— дейт эл өкүлү.

Бөлүшүү