Scania R420 үлгүсүндөгү чиркегичи менен жүк ташуучу унааны Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Аталган фактыны “Кара-Көл” транспортту текшерүү пунктунун кызматкерлери аныкташкан. Унаанын ээлери жүк ташуучу унааны бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн өткөрүүгө аракет жасашкан.
ЭКККМКдан билдиришкендей, келтирилген зыяндын суммасы 1 миллион сомдон ашкан. Каржы полициясы тарабынан чара көрүлүп, бюджетке 1 миллион 231 миң 037 сом төлөнгөн.
Үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрында тергөө иштеринин натыйжасында келтирилген зыян бюджетке кайтарылды.