Өзбекстанда Кыргызстанга 735 миң доллар алып өтүүгө аракет кылган аткезчилер соттолду

Автор -

Өзбекстандын Наманган облусунда аткезчилик менен Кыргызстанга 735 338 доллар алып өтүүгө аракет кылган төрт адам соттолду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Маалыматка караганда, былтыр октябрда Наманган облустук жол коопсуздук башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан акчаны Кыргызстанга жөнөтүү үчүн Чуст районуна алып бараткан төрт жаран кармалган.

Уйчи райондук соту бул топтун бардык мүчөлөрүн беш жыл беш айдан эрктеринен ажыратты.

Алардын 735 338 доллары конфискацияланып, акчаны Ташкенттен Чуст районуна алып бараткан автоунаасы мамлекеттин пайдасына алынды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү