Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү киши окуянын чоо-жайын айтып берди (Видео)

Автор -
378

2017-жылдын 6-ноябрында Көк-Жар айылындагы өз үйүндө киши колдуу болгон Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү үчүнчү киши Асанэмир Абыкулов окуя кандайча болгонун айтып берди.

Баса, бүгүн мурунку башкы прокурор Аида Салянованын бир тууганы Улан Саляновдун өлүмүнө тиешеси бар делген 3-кылмыш кармалды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 30 жаштагы Заур Насруллаев Екатеринбургдан кармалды. Учурда Орусиянын тиешелүү органдарына кылмышка шектүүнү экстрадиция кылуу тууралуу материал жиберилген.

2017-жылдын 6-ноябрында 42 жаштагы Улан Саляновду Бишкекте белгисиз адамдар өз үйүнөн атып кетишкен. Анын өлүмүнө шектелип Бишкек шаарынын 32 жаштагы Э.О. аттуу тургуну кармалган.

Белгилей кетсек, буга чейин  ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү үч адамдын бири күнөөсүн моюнуна алганын билдирген эле.