Абылгазиев: Республиканын бардык мектептеринде англис тили тереңдетип окутулат

Автор -

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ 12-сентябрда Ош облусуна эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында Чоң-Алай районунун Шибээ жана Кулчу айылдарындагы орто мектептердин ачылыш салтанаттарына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, өкмөт балдардын сапаттуу билим алуусу үчүн тийиштүү шарттарды түзүүгө умтулууда.

«Быйылкы жылы өлкөдөгү бардык мектептер окуучулардын заманга жараша билим алуусу, билимин өнүктүрүүсү үчүн Интернетке кошулат. Үүстүбүздөгү жылы биз 150 социалдык объект ачууну пландаштыруудабыз, болжол менен алганда анын 70и – билим берүү объектилери. Буга катар республиканын бардык мектептеринде англис тилин тереңдетип окутууну киргизүү пландаштырылууда. Учурдагы шарттарда бул нерсе зарыл, анткени балдар бир нече тилде эркин сүйлөй билүүсү шарт. Бул нерсе алар үчүн келечекте чоң мүмкүндүктөрдү ачат», – деди Премьер-министр.

Мунун менен катар Абылгазиев кошумчалагандай, көп нерсе ишине берилүү жана жоопкерчилик менен мамиле кылган мугалимдерден көз-каранды.

Белгилей кетсек, Шибээ айылындагы спорттук залы бар орто мектептин курулушу 2017-жылы 62 млн сом өлчөмүндөгү республикалык бюджеттин эсебинен башталып, 150 окуучуга каралган.

Кулчу айылындагы мектептин курулушу 2017-жылы башталып, ал да 150 окуучуга ылайыкташылган. Анын курулушу үчүн республикалык бюджеттен 52 млн сомдон ашык бөлүнгөн.