Бишкек: Мас абалында машине башкарган киши түрк дипломаты экени айтылды

Автор -

Бишкекте бир тарапка кеткен көчөдө эреже бузуп айдап, жол коопсуздук кызматкерлерине кармалып, кийинчерээк мас абалында рулга отурганы айтылган адам Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкери экени кабарланды.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторов «Азаттыкка» билдиргендей, ал 12-сентябрга караган түнү Бишкекте туура эмес багытта машине айдап баратканда токтотулган. Текшерүү учурунда айдоочу, Каража Эркан аттуу адам спирттик ичимдик ичип алып рулга отурганы белгилүү болгон. Натыйжада ага карата протокол түзүлүп, материалдар Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жиберилген.

Ошол күнү КТРКнын «Телекүзөт» программасы жол коопсуздук кызматкерлери менен чогуу рейдди тарткан учурда Каража Эркан өзүн Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин атташеси, дипломат катары тааныштырып, тиешелүү документтерин көрсөткөн.

Түрк элчилигинен комментарий алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Кыргызстанда чет элдик дипломаттардын жол эрежесин бузганы, аварияга кабылган учурлары буга чейин да орун алган.

Бөлүшүү