Бишкектеги жолдорду калыбына келтирүү иштери октябрда жыйынтыкталат

Автор -
223

Бишкектеги жолдорду калыбына келтирүү иштери октябрда жыйынтыкталат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштери эки долбоор менен ишке ашырылат. Анын бири дээрлик аяктап калды. Андан кийин экинчисине киришүү үчүн даярдыктар башталат.

«Бишкектин көчөлөрү бир нече жылдан бери кытайлык гранттын эсебинен оңдолууда. Алсак, жазында 37 көчө ремонтко бир убакта жабылган. Анын басымдуусу колдонууга берилди»,-деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү