КРга Өзбекстандан 500 000 сомдук мыйзамсыз ташылып келе жаткан товар кармалды

Автор -
281

ЕАЭБтин Бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери Ош-Баткен жолунда «Mercedes Benz» үлгүсүндөгү автоунаа каражатын кармашкан.

Жогоруда аталган автоунаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда эч кандай бажыга тийиштүү жана товар коштоп жүрүүчү документтери жок Республика Өзбекстанда өндүрүлгөн токулган буюмдар табылган.

Териштирүүлөрдүн жыйынтыгында кармалган товардын жалпы суммасы 500 000 сом экендиги аныкталды.

Бул факт боюнча чогултулган материал мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Бөлүшүү