Бишкек шаарынын мэриясынын имаратында жайгашкан мэрлердин галереясы муниципалитетти башкарган акыркы беш калаа башчысынын сүрөтү менен толукталды.
Тиешелүү буйрукту шаар мэри Азиз Суракматов тапшырды.
“Бул шаар. Анын тарыхы. Жаманбы же жакшыбы убакыт таразалайт”,-деди калаа башчысы.
Галереяга Данияр Усенов, Нариман Тюлеев, Иса Ѳмүркулов, Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдун сүрөттөрү илинди.
Данияр Үсөнов- Кыргызстанда 2010-жылдагы экинчи элдик ыңкылаптын — апрель окуяларынын учурундагы оор кылмыштары үчүн айыпталып, өмүр бою түрмөгө сыртынан кесилген. Ошондон бери анын сүрөтү эч бир жерде көзгө чалдыккан эмес.
Нариман Тюлеев— Бишкектин мэри болуп турганда Кытайдан автобус сатып келем деп 50 миллион сомго жакын акчаны дайынсыз жоготкон.
Иса Ѳмүркулов- Шаардагы Д.Асанов атындагы Жеңиш паркынын генералдык план боюнча бекиген аянтын 14 гектарга азайтып, ошончо жерди андагы курулган кафе-ресторандардын ээлигине берип салганы үчүн Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловго жана мэриянын кызмат адамдарына каршы кылмыш иш козголгон.
Кубанычбек Кулматов — Быйыл июнь айында Кулматовго 350-346-беренелердин (“Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”) негизинде экинчи кылмыш иши козголгон. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аны «1995-жылы Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алган жана чек арадан мыйзамсыз өткөн» деп айыптап жатат. Азыр ал УКМКнын тергөө абагында отурат.
Албек Ибраимов — «Дастан” ишканасынын жетекчиси болуп турганда «270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүк четиндеги беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деп шек саналып жатат. Албек Ибраимов 19-июлда кармалган. Учурда ал УКМКнын тергөө абагында отурат.