Экс-мэр Албек Ибраимовдун үстүнөн чыккан сот чечими өзгөргөн жок

Автор -

Албек Ибраимовдун үстүнөн Биринчи Май райондук соту чыгарган чечим өзгөргөн жок. Анын камактагы мөөнөтүн 28-октябрга чейин узартуу чечими күчүндө калды.

Соттун имаратынын жанына мурунку мэрдин 100дөн ашык тарапташтары чогулду, аларга азырынча сотко кирүүгө уруксат бербей жатышат.

Буга чейин Биринчи май райондук соту А.Ибраимовду 28-октябрга чейин камакта калтырган.

Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалып, Биринчи Май райондук соту тергөө аяктаганга, тагыраагы, 29-августка чейин камакта калтырган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү