Акимдин орун басары 5 000 доллар пара менен кармалды

Автор -

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Ташкент шаарынын Юнусабад районунун акиминин курулуш иштери боюнча орун басары 5000 доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалганын тастыктады.

Аткаминер жергиликтүү жашоочунун өз алдынча куруп алган курулушунун документтерин бүткөрүп берүү үчүн акча алган.

Бул факт боюнча “Опузалоо жолу менен пара алуу” беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Шектүү Юнусабад районунун акиминин архитектура, капиталдык курулуш жана коммуникацияны өнүктүрүү боюнча орун басары кызматына жыл башында дайындалган.

2018-жылы сентябрда ушул эле райондун мурдагы акими Бахтиёр Абдусаматов инвесторго жер тилкесин бөлүп берүү үчүн 400 миң доллар пара алуу шеги менен кармалган. Быйыл май айында ал “Кызмат абалын кыянат пайдалануу” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып 5 жылга соттолгон.

Бөлүшүү