Ооруканадан кайра абакка которулган “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ден соолугу начарлады. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, соттолгон саясатчы неврология борборунан № 47 түзөтүү мекемесине которулгандан кийин жүрөк оорусу кармап, кан басымы жогорулап кеткен. Учурда ал дарыгерлердин көзөмөлүндө, бирок ага тийиштүү дары-дармек колонияда жок.
Эске салсак, «Ата Мекендин» лидери жемкорлук боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган.