Аламүдүн районунда көчөдөн 2 жаштагы бала табылды

Автор -
230

Аламүдүн районунда көчөдөн 2 жаштагы табылды. Ата-энесине балдар иштери боюнча комиссия үчүн материал даярдалууда.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, “Коопсуз балалык” рейддик иш-чарасынын жүрүшүндө Аламүдүндөгү көчөлөрдүн биринде жанында ата-энеси жок кичинекей наристе табылган, ал болжол менен 2 жашта.

Жергиликтүү тургундардан сурак алгандан 3 саат өткөн соң баланын жана ата-энесинин жашаган жери аныкталган.

Андан соң баланын атасы – 35 жаштагы Т.Т. жана апасы 32 жаштагы К.Р. экендиги маалым болгон.

Эки жаштагы бала ата-энесине өткөрүлүп берилген. Алар менен профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүлгөн. Учурда ата-энесине карата Аламүдүн районунун балдар иштери боюнча комиссиясынын отурумунда кароо үчүн материал даярдалууда.

Бөлүшүү