Курамына КСДП, «Мекеним Кыргызстан» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары кирген Бишкек шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы тарады. Бул тууралуу шаардык кеңештен билдиришти.
Эртең, 20-сентябрда Шаардык кеңештин кезексиз жыйынында коалициянын жаңы курамы түзүлүп, төрага шайланат.
Кошумчалай кетсек, «Кыргызстан» фракциясы Шаардык кеңештин төрагалыгына Кубанычбек Конгантиевдин талапкерлигин сунуштаган. Буга чейинки төрага Алмаз Кененбаев президенттик аппараттын жетекчисинин орун басарлыгына дайындалган.