Бишкектин айрым райондорунда 22-сентябрда таза суу жок болот (тизме)

Автор -

Бишкектин айрым райондорунда техникалык себептерге байланыштуу 22-сентябрда таза суу жок болот. Бул тууралуу «Бишкексууканал» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 22-сентябрь күнү саат 9:00дөн 17:00гө чейин борбор калаанын 3-кичирайонунун аймагында ичүүчү суу өчүрүлөт.

Суу Койбагаров көчөсүнүн түндүк тарабында жайгашкан Тобольский кыска көчөсүнөн Предгорный кыска көчөсүнө чейин, анын ичинде:

— №60 орто мектепте;
— №123 мектепке чейинки билим берүүчү мекемеде;
— №126 адистештирилген мектепке чейинки билим берүүчү мекемеде;
— №64 байланыш почта бөлүмү;
— «Ариэль»ОТК;
— «Ариэль Лиор» жеке менчик бала бакча;
— Улуттук онкология борборунда өчөт.

Бөлүшүү