Жаңыл Мамбеталы Жогорку Соттун судьялыгына шайланды

Автор -
260

Бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңеш Жаңыл Мамбеталыны Жогорку Соттун судьялыгына шайлады.

Анын талапкерлиги үчүн жыйынга катышкан 100 депутаттын 85и макул деп, 15и каршы добуш берди.

Добуш берүүдөн соң Жаңыл Мамбеталы парламент алдында ант берип, ишине киришти.