ЖК: Мамлекеттик комитеттин төрагалыгына талапкер Эмил Осмонбетов телевизор уурдаганбы?

Автор -
261

Бүгүн, 19-сентябрь Жогорку Кеӊештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагалыгына сунушталып жаткан Эмил Осмонбетов геология жана минералдык ресурстар агенттигинин директорунун орун басарлыгынан бошотулгандан кийин иш бөлмөсүндөгү телевизорду уурдап баратып, кароолчуга кармалып калганын айтып чыкты.

«Сизди кызматтан кетип баратканда иш бөлмөсүндөгү телевизорду уурдап кетип, кароолчуга кармалып калып ызы-чуу болгон деп жатат. Бул боюнча эмне дейсиз?» — деп суроо Момбеков.

Осмонбетов иш бөлмөсүндөгү бардык эмеректи тизме менен тапшырып бергенин айтты.

«Бул кара пиар. Иш бөлмөмдөгү бардык эмеректерди тизме менен тапшырып бергем, аны тастыктап бере алам», — деди Осмонбетов

Депутат Момбеков кармалып калганы боюнча фактылар бар экенин айтып, «эгер алар далилденсе кызматтан кетүүгө даярдыгын» сурады.

Осмонбетов аны далилдөө кыйын болорун, ошентсе да тастыкталса иштен кетүүгө даяр экенин билдирди.