Жогорку Кенеште өкмөттүн 3 өкүлүнүн талапкерлиги жактырылды

Автор -

Жогорку Кеңештин жалпы жыйында өкмөттүк аппараттын жетекчиси, юстиция министри, Ɵнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин тѳрагасы кызматтарына талапкерлер каралды.

Жогорку Кенеште юстиция министри кызматына Марат Жаманкуловдун, өкмөттүк аппарат жетекчилигине Шамилбек Асымбековдун, Ɵнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин тѳрагалыгына Эмил Осмонбетовдун талапкерлиги бир добуштан жактырылды.

Шамилбек Асымбековдун жана Марат Жаманкуловдун талапкерлигине 106 депутат «макул» деп добуш берди. Каршы добуш бергендер болгон жок.

Ал эми, Ɵнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин тѳрагалыгына Эмил Осмонбетовдун талапкерлигин 108 депутат «макул» деп добуш берсе, 3 «каршы» добуш алды.

Бөлүшүү