Дүйнө чемпионатында кыргызстандык Акжол Махмудов коло медаль утту

Автор -

Словакияда өткөн жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык Акжол Махмудов коло медаль утту.

Махмудов 77 кг чейинки салмактык категорияда беттешке чыккан. Ал АКШлык Камал Беейди 9:1 эсебинде жеңип коло медалга ээ болду.

Турнир Трнавда 17-сентябрда башталган, 23-сентябрда аяктайт.

Ал эми жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык Эрбол Бакиров алтын медаль утту.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү