Кыргызстандын жараны жасалма паспорт менен кармалды

Автор -

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн  билдирүүсү боюнча  2018-жылдын 20-сентябрында чек арачылар “Манас-аэропорт”  КӨП  жасалма паспорт менен  өлкөгө  кирүүгө далалат кылган  Кыргызстандын жаранын кармашкан.

Эл аралык  “Манас”  аэропортуна   Стамбул-Бишкек  702 рейси менен учуп келген  жарандарга паспорттук көзөмөл  жүргүзүү учурунда  чек ара кызматы бир аз жасалма паспорт, тактап айтканда паспорттогу сүрөтү алмаштырылган  1971-ж.т., Ж.И., аттуу Кыргызстандын жаранын аныкташкан.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран КР УКМК территориалдык бөлүгүнүн кызматкерлерине  тапшырылган.