Бишкек шаарындагы медколлеждин директору пара менен кармалды (Видео)

Автор -

Бишкек шаарындагы медициналык коллеждердин биринин директору 25 000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-сентябрда Финполицияга аталган окуу жайдын студенти  окуу жайга кабыл алуу үчүн коллеждин директору 25 миң сом талап кылганын айткан. Ал ага чейин 30 миң сом төлөгөн.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп,  директор кармалды.