Бишкекте үч жылдан бери дайынсыз болгон Өмүралиев изделүүдө (сүрөт)

Автор -

Свердлов райондук милициясы 1987-жылы туулган Бактыбек Өмүралиевди издеп жатканын Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Өмүралиев 2015-жылы үйдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 165-170 сантиметр, арык чырай, жүзү тоголок, мурду кырдач. Талма менен ооруйт. Андан сырткары, эске тутуусу да начар. Көк джинсы шым, ак көйнөк жана тапичке кийип жүргөн.

Эгер Өмүралиевдин кайда экенин билгендер болсо (0553)102-566, (0772) 05-20-00, (0566) 85-58-12 телефондору аркылуу байланышса болот.

Без вести пропавший 1987-года Бактыбек Омуралиев

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү