Кубатбек Боронов Ош облусунда жаңы социалдык объектилерди ачты

Автор -

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Ош облусуна эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилердин ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Араван районунун Жаңы-Арал айылындагы 90 балага эсептелген жаңы бала бакчанын ачылыш салтанатындагы сөзүндө биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, өлкө Өкмөтү билим берүү тутумуна өзгөчө көңүл бурат.

«Биз адамдын инсандык өнүгүүсү үчүн билим берүү канчалык зор мааниге ээ экенин түшүнөбүз. Балдарга эрте билим алуу жеткиликтүү болсо, алардын ар тараптуу өнүгүүгө жана келечекте ийгиликтүү болууга мүмкүнчүлүгү кеңири болот», — деди Кубатбек Боронов.

Ал баса белгилегендей, билим берүү тутумун, анын ичинде мектепке чейинки билим берүүнү өркүндөтүү жана өнүктүрүү максаттарында, республикалык бюджеттен зарыл финансылык каражаттар бөлүнөт.

«2018-жылдын аягына чейин 150 социалдык объектинин курулушун аяктоо пландаштырылган. Өлкө Президентинин 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоо жөнүндө Жарлыгынын алкагында биздин башкы максаттарыбыздын бири жер-жерлерде калктын жашоосун жакшыртуу жана жалпысынан аймактардын социалдык-экономикалык абалын оңдоо болуп саналат. Өкмөт тараптан коюлган милдеттерге жетишүү үчүн тийиштүү иштер жүргүзүлөт. Курулуп жаткан социалдык объектилердин саны жылдан жылга өсө бермекчи», — деп ишендирди биринчи вице-премьер-министр.

Алай районунун Жаңы-Турмуш айылындагы Курманжан Датка атындагы орто мектептин ачылыш салтанатына катышууда Кубатбек Боронов белгилегендей, 2018-2022-жылдарга Аймактарды өнүктүрүү концепциясы алкагында калктын экономикалык активдүүлүгүн жогорулатуу, аймактарды адистештирүүнү киргизүү жана өнүктүрүү үчүн өнүктүрүү түйүндөрү – 20 пилоттук шаар тандалып алынган. Бул – аймактарды өнүктүрүүгө жаңы ыкма тандоого мүмкүндүк берүүчү узак мөөнөттүү программа.

Биринчи вице-премьер-министрге маалымдалгандай, 150 окуучулук орунга эсептелген мектепте балдардын толук кандуу билим алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Буга катар Кубатбек Боронов республикалык бюджеттин эсебинен курулган Алай районунун Гердегей-Мыязды участкасындагы фельдшердик-акушердик пункттун ачылыш салтанатына катышты. Аталган объекттин курулушуна 3899,67 миң сом бөлүнгөн.

Мындан тышкары, биринчи вице-премьер-министр «Потенциал» ЖЧК ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты, анда 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча 4650 тонна пахта өндүрүлгөн. Белгилесек, ишканада 70 адам эмгектенет.

Бөлүшүү