Кыргызстан Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинде төө буурчакты өндүрүү жагынан биринчи орунда турат

Автор -

“Ата — Мекен” парламенттик фракциясынын бүгүнкү, 22 – сентябрдагы Талас областында өтүп жаткан көчмө жыйынында аймактардагы агрардык өндүрүштүн жана айыл чарбасына насыя берүүнү өнүктүрүүнүн орчундуу көйгөйлөрү талкууланууда.

КР Айыл чарба, тамак – аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиевдин айтымында, Кыргызстандын бренди болгон төө буурчакты экспорттоо ишинде атайын сертификациялоо иштери да жолго коюлган. Алынган түшүмдү кайра иштетүү жагынан да Талас областы жакшы үлгүлөрдү көрсөтүүдө. Сүт өндүрүү, МТСтерди уюштуруу жагынан да натыйжалуу иштер жүрүп жатат.

Өткөн кылымдын 90 – жылдарынын башында Талас областында өстүрүлө баштаган төө буурчактын «лопатка», «китаянка» аталышындагы сорт типтери айдоо материал катары Түркиядан алынып келинген. Ошол мезгилден бери карай аталган областтын эли төө буурчакты жөнөкөй тандоо жана иштетилген данды кайрадан себүү жолу менен өстүрүп келишет. Анткени, ушул айыл чарба өсүмдүгү аталган региондун экономикалык кирешелүү тармагына айланды. Аны өндүрүү жагын дыйкандар, фермерлер жана жеке чарбалар колго алып келишет.

Ушул 2018 – жылдын 17 – сентябрына карата алынган маалыматтар боюнча Талас областындагы 57138 гектар жерге айдалган төө буурчактан болжолдуу дүң жыйым 98 миң тоннага жетет деп эсептелүүдө. Региондогу 70тен ашык айылда төө буурчак өндүрүлүп, областтагы калктын 76% дыйканчылыктын дал ушул түрүнөн киреше табышат.

Азыркы учурда учурда Кыргызстан Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинде төө буурчакты өндүрүү жана дүң жыйымы жагынан  биринчи орунда турат.

Мал чарбачылыгы тууралуу сөз болгон фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов мал чарбасындагы, жайыттарды колдонуу багагытында сапаттуулукту камсыздоо боюнча кандай иштер аткарылып жаткандыгына кызыкты.

Депутат Садык Шер — Нияз Талас областында консерва заводу курулса дыйкандардын түйшүгү жеңилдеп, кирешеси артмак, — деген пикирин билдирди.