Кыргызстанда бир жуманын ичинде 20 миң жол кыймылынын эрежесин бузуу фактылары катталды

Автор -

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери бир жумада өлкө аймагы боюнча 20 581 жол эрежеси бузулганын каттады. Бул тууралуу КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14нөн 20-сентябрга чейин – 20 миң 581 жол кыймылынын эрежесин бузуулар катталган.

Анын ичинен;

— 2 миң. 226 айдоочу унааны жогорку ылдамдыкта башкарган;

— 523 айдоочу жол чыракка бай ийген эмес;

— 1 миң. 642 айдоочу жолдо башка айдоочуларга тоскоолдук жараткан;

— коопсуздук курун тагынбастан унаа башкаруу боюнча — 4 миң. 997 айдоочу;

— унааны мас абалында башкаруу боюнча — 337 айдоочу;

— жол белгилерин сактабоо боюнча – 3 миң. 585 айдоочу;

— алдыңкы, эки капталындагы айнектери караңгылатылган унааларды башкаруу –– 89 айдоочу;

Андан тышкары, 1 миң 237 унаа атайын айып унаа токтотуучу жайына токтотулган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү